Белгилүү америкалык ырчы Бритни Спирс чыгармачылык карьерасын токтотот. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, анын мындай чечимине психикалык жактан жабыркагандыгы себеп болууда.
Белгилүү болгондой, Бритни Спирстин атасы ооруп, эки ирет операция жасаткан. Мындан улам атасынын ден соолугуна кабатыр болуп, психикалык жактан дарыланууга жазылган.
"Ырчынын жакындары дарылануу үчүн көп каражат кетет деп кабатыр болгон жок. Анткени Бритни Спирс ал акчаларды бир канча жыл мурда таап койгон. Бирок ырчы азыркы тапта топтогон каражатына сатып алууга мүмкүн эмес болгон нерсени - бакытты издөөдө", - деп жазылат маалыматта.
Бритни Спирс 2017-жылы "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп каражат тапкан 10 ырчынын катарына кирген. Аталган журналдын маалыматы боюнча ал бир жыл ичинде 34 миллион доллар каражат тапкан.