2018-жылы жашы жете электер тарабынан 10 адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"2018-жылы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны 1 миң 527ге (2017-жылы 878), башкача айтканда, 73,9 пайызга өскөн. Алардын ичинен, адам өлтүрүү боюнча 10 факт, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча 17 факт, уурулук фактысы боюнча 1 миң 76, тоноочулук боюнча 194 факт, каракчылык боюнча 29 факт катталган", - деди Жамшитов.
Ошондой эле былтыр өспүрүмдөр арасында 88 өзүн өзү өлтүрүү фактысы катталган. Былтыркы жылдын отчёттук мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга аз, алардын ичинен 54 эркек бала жана 34 кыз.