Bakai Bank - Jaz Demi жарым марафондун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

Бишкек - Манас аэропорту унаа жолунда 2019-жылдын 14-апрелинде Bakai Bank - Jaz Demi жарым марафону болуп өттү. Ага миңдеген жөө күлүк катышты. Алардын арасында чуркоону сүйүүчүлөр жана спортчулар да болду. Бишкектин спорттук сезону үчүн жазгы чуркоо салтка айланып калган.

Спорт бардык Кыргыз жарандары үчүн жаш муунду тарбиялоодогу маанилүү бөлүк болуп саналат. "Бакай Банк" ААКынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Кагиров катышуучулардын алдында сөз сүйлөп "Bakai Bank - Jaz Demi Кыргыз эли үчүн спорттук демди бекемдеп, спортту жана жашоонун сергек мүнөзүн даңазалоого өбөлгө түзөрүнө кубанычтабыз" деди.

"Экинчи жылы катары менен Bakai Bank - Jaz Demi жарым марафонуна "Бакай Банк" ААКсы демөөрчү болуп келе жатат. Дистанцияны ийгиликтүү чуркап өткөндөр финишер медалына жана "Бакай Банктын" белектерине ээ болушту", - деп кошумчалады Кагиров.

Жазгы жарым марафондо катышуучулар 3 дистанцияда чуркашты. Ага ылайык 8 категория боюнча 72 сыйлуу орун болду. Жарым марафондо 3 жаштан 15 жашка чейинки катышуучулар да болду. "Bakai Bank - Jaz Demi жарым марафонунда спортчуларга жана спорт сүйүүчүлөргө арналган "Bakai Bank - Jaz Demi Элкарт төлөм карталары коомчулукка көрсөтүлдү. Бул картаны колдонуп, спорттук дүкөндөрдөн буюмдарды арзандатуу менен алууга болот. Мындан сырткары аны Элкарт төлөм картасы катары колдонууга болот.

Жарым марафондун бардык катышуучулары иш-чара мыкты деңгээлде уюштурулганын жана белектер фонду тууралуу жакшы пикирлерди айтышты.

"Мен 5 жылдан бери чуркоо менен алектенем. Бүгүнкү күн биз үчүн кезектеги майрам болду. Бул марафонго баары олуттуу даярданышты. Көпчүлүгү сөзсүз түрдө кийим сатып алып, чыдамсыздык менен күтүшөт. Катышуучулардын саны жыл сайын көбөйүп жатканына кубанып жатам. Бул дени сак болгон мода экенинен кабар берет. Ушундай иш-чараны уюштурган "Бакай Банкка" ыраазычылык билдиребиз. Улуттун дени сак болушу үчүн аракеттерди көрүп иш алып барган банктын жетекчилигине рахмат", - деди катышуучу Айгүл Алыкулова.

Дагы бир катышуучу Данил Гандалиппи: "Баары жогорку деңгээлде уюштурулган. Эс алуу орундары, суулар толук ойлонуштурулган. Спорт менен кантип алектенүү керектиги боюнча жаштарга үлгү боло алат. "Бакай Банкка" чоң рахмат жана таазим. Мындай иш-чарага өнөктөш болууга баары эле чыгына беришпейт", - деди.

"Бакай Банк" ААКсынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Кагиров 21 чакырым аралыкта жеңүүчү болгондорго сертификаттарды тапшырды.

1-орун - 10 000 сом;

2-орун - 5 000 сом;

3-орун - 3000 сом.

Мындан сырткары "Бакай Банк" төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлады:

  • Ардактуу жөө күлүк: Барамидин Кадыров 2000 сом;
  • Ардактуу жөө күлүк: Наиля Шакирова 2000 сом;
  • Кичинекей жөө күлүк: Аюна Токторова 2000 сом;
  • Стилдүү корпоративдик команда: 4000 сом;
  • Эң оригиналдуу костюм:

1-орун - Айгүл Алыкулова 3000 сом;

2-орун - Арген Самарбек уулу 2000 сом;

3-орун - Даниэль Жээнбеков 1000 сом;

  • Хэштэг сынагы - Бекжан Кошубеков 2000 сом.

Жарым марафондун максаты – сергек жашоого үндөө. Bakai Bank - Jaz Demi экинчи жолу өткөрүлүп жатат. 2019-жылдагы чуркоо маңыздуу болду. Чогулган каражаттардын бир бөлүгү көзү азиздер үчүн таяк сатып алууга сарпталат.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан