Жалал-Абадда 20 жаштагы жарандын оң бутуна бычак сайып, тоноп кеткен деген шек менен эки өспүрүм кармалды

Жалал-Абад облусунда 20 жаштагы жарандын бутуна бычак сайып, тоногонго шектелген эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү саат 16:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Чапаев көчөсүндө болгон. Анда белгисиз эки өспүрүм 20 жаштагы С.Ж. аттуу жарандын оң бутуна бычак сайып, 2 жарым миң сом акчасын жана телефонун алып из жашырып кетишкен. Ал эми жабырлануучу шаардык ооруканага сол буту сынган абалда жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам-тергөө тобу бул окуяга шектүү катары Сузак районунун 17 жаштагы С.Б. жана Ноокен районунун 18 жаштагы Б.К. аттуу тургундарын кармашкан. Алардын жанынан жабырлануучуга тиешелүү телефон жана акча далил буюм катары алынган. Учурда тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uli1234
2019-04-17 21:51:11
Неге үй камагына тосмо арыз жазып бердиби жабырланычуу же акчадан соттордун чөнтөгүн домпойттубу
+1
Avrora2017
2019-04-18 16:35:59
uli1234,болушу мумкун, бизде закон иштебейт, акча иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан