УКМК: "Талас шаарынын аскер комиссарынын башчысы пара талап кылуу учурунда кармалды"

"Талас шаарынын аскер комиссарынын башчысы пара талап кылуу учурунда кармалды" деп бүгүн, 18-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаардык аскер комиссарынын башчысы 52 жаштагы полковник Ж.А. 25 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. "Кармалган адам арыздануучуну аскер комиссариатына каттоого коюуга жана мурда тартып алган паспортун кайтарып берүү үчүн жергиликтүү тургундан 25 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 326-беренеси "опузалап акча талап кылуу" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган кызматкер УКМКнын Талас облусундагы кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан