Орусияда курьер болуп иштеген кыргыз жигит 10 сааттан ашык тынымсыз иштегенден кийин каза болду. Бул тууралуу орус сегментиндеги социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда.
Андагы маалыматтарга ылайык, "Яндекс еда" тамак-аш жеткирүү кызматында иштеген 20 жаштагы Артык Орозалиевден жетекчиси заказдарды мүмкүн болушунча эрте жеткирүүнү талап кылган. 10 саат тынымсыз иштеген Орозалиев велосипединен жыгылып түшүп каза болуп калган. Анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Аталган маалыматты Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы да тастыктады.
"Орозалиевдин каза болушунун себеби боюнча азырынча так маалымат жок. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал досу менен сүйлөшүп турган учурда эс-учун жоготуп, велосипедден жыгылган", - деди басма сөз кызматкери.