Казакстандын Жамбыл облусунда Казак, Өзбек жана Тажик жарандары бара жаткан автобус оодарылып кетип, 11 адам каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 20-апрелде таңкы саат 5 чамасында Алматы-Ташкент авто жолунда болгон.
Каршы тилкеге чыгып кеткен Тойота үлгүсүндөгү жеңил унаадан качууга аракет кылган автобус оодарылып кеткен. Жыйынтыгында окуя болгон жерден 8 адам, дагы үчөө ооруканада каза болуп, 32 адам ар кандай жаракат алды. Жүргүнчү ташыган автобуста Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн жарандары болгону айтылууда.
Окуя боюнча тиешелүү экспертиза иштери дайындалып, сотко чейинки өндүрүштүк иштери башталды.