Базар-Коргондо 5 жаштагы бала 2 күндөн бери дайынсыз болууда. Маалыматты SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, жоголгон баланы издөө иштерине 133 адам тартылган.
"19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айыл аймагындагы Акман айылынын тургуну 5 жаштагы И.Э. дайынсыз жоголгон. Туугандары өз алдынча издеп таба алышкан эмес. Бүгүн, 21-апрелде издөө иштерин улантуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 30 куткаруучу, 4 офицер, 6 суучул, Ички иштер министрлигинен 28 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 133 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Акман айыл аймагынын башчысы Марсел Көкөновдун айтымында, учурда издөө иштери "Базар-Коргон" суу сактагычына кирген каналда жүргүзүлүүдө.
"19-апрелде саат 17:00 чамасында бала велосипед тээп ойноп жүргөн экен. 19:00дөн баштап ата-энеси таппай калышыптыр. Күүгүм киргенче өз алдынча издеп таппаган соң, бизге кабар беришиптир. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин чакырып, суучулдар кезек менен каналдын түбүн карап жатышат. Бирок 2 күндөн бери издөө иштеринен жыйынтык болбой жатат", - деди Көкөнов.