Америкалык ырчы Тейлор Свифттин 23 жаштагы күйөрманы 4 жылга камалды

Америкалык ырчы, аткаруучу жана актриса Тейлор Свифттин күйөрманы 4 жылга камакка алынды. Ал ырчынын үйүнө чейин кирип, мыйзамдагы келишимди бузганы үчүн камалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 23 жаштагы Рожер Альварадо ырчынын артынан калбай, үйүнө чейин кирип жүргөн. Ырчы полиция кызматкерлерине кайрылып, Рожер Альварадого бир нече талап коюлган. Бирок күйөрманы 1 айдан кийин коюлган талаптарды бузуп, Тейлор Свифттин артынан калбай, дагы бир жолу үйүнө кирген. Мындан улам ырчы Жогорку Сотко кайрылган. Соттун чечимине ылайык, Рожер Альварадо 4 жылга камакка алынган. Ошондой эле ага Тейлор Свифттин тынчын алган билдирүүлөрдү жазганга, телефон аркылуу чалганга тыюу салынган.

Буга чейин ырчы күйөрманынан качуу максатында үйүн сатыкка коюп, жашаган дарегин алмаштырганы дагы айтылган.

Тейлор Свифт 1989-жылы 13-декабрда АКШнын Пенсильвания штатындагы Рединг шаарында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан