Борбор калаада унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыздын абалы оор. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун "Тез жардам" бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 02:00 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө орун алган. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып кетип көпүрөдөн түшүп кеткен.
"Учурда 23 жаштагы А.Р. аттуу жабырлануучунун абалы оор. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган, сол тарабынын кабыргалары сынган, баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган. Мындан сырткары, ички органдарына доо кетиши мүмкүн, аны учурда дарыгерлер аныктап жатышат. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп билдиришти ооруканадан.