Ушул аптанын жума күнү, 26-апрелде Rauf&Faik тобу Ошто! Билеттер O!Store дүкөнүндө сатылууда

О! Мобилдик оператору Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Japar Production уюштуруп жаткан быйылкы жаздын масштабдуу музыкалык иш-чарасын сунуштайт.

Аз күндөн кийин, 26-апрелде саат 18:30да Rauf & Faik тобунун атактуу аткаруучулары Ош шаарынын тургундарына концертин тартуулап, "Детство" жана "Я люблю тебя" деген белгилүү хиттерин аткарып беришет. Кеченин меймандары ата мекендик эстрада жылдыздары Нурмат Садыров жана Ильяс Кудретов.

Иш-чара NURZAMAN Plaza соода борборунун аянтчасында өтөт.

Ош шаарынын бардык тургундары менен меймандарын концертке чакырабыз!

О! түйүнүндөгү номердин балансын бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы O!Store дүкөндөрүнөн 200 сомдон кем эмес суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктоо менен концертке 2 билет алууга болот.

Акциянын шартын аткарган учурда бир абонент колуна 2 гана билет ала алат. Балансты кайрадан 200 сомго же андан ашык суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктаган учурда кошумча билеттер берилбейт. Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана колдонууга болот жана "Мой О!" тиркемесиндеги "О!Деньги" сервисинин алкагында колдонууга болбойт.

Акция 2019-жылдын 25-мартынан 26-апрелине чейин жүрөт.

Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү. Билеттерди О! Мобилдик операторунун Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сатуу кеңселеринен сураңыздар. Бул жана башка акциялар тууралуу толук маалымат www.o.kg сайтында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан