Балыкчыда 30 жаштагы жаран 13 жашар кызды зордуктоого шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2006-жылы туулган окуучу кызды зордуктоо фактысы катталды. Окуяга шектүү адам кармалып, анын үстүнөн сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Маалыматты SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде милиция кызматына жабырлануучу кыздын атасы арыз менен кайрылып, шектүүгө чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

"Окуяга шектүү катары 1989-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Окуяны жабырлануучу кыз ата-энесине айтып берген. Окуучу кыздын айтымында, М.М. аны "үйгө жаңы кийимдерди алып келдим, кирип көр" деп алдап алып кирип, жыныстык катнашта болгон. Зордуктоо фактысы март айынын аяк ченинде орун алган. Шектүү кыздын таанышы болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Take_men
2019-04-22 16:19:09
20 күн өттү эми экспертиза далилдей албайт. Педофил суудан кургак чыгат. Убагында айтыш керек эле
+2
Калича
2023-11-26 03:05:00
Бул зоокур эркиндикте журот кесилген жоок акча мн чыгып кетти
0
Калича
2023-11-26 03:07:00
Мен бул адамдын жакшы тааныйм далай кызды боозутуп тагдырларын талкалап журот бул зоокурго чара корушубуз керек бирок кантип бул боштондукта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан