Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды жана анын эки небересин зордуктап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал райондук соту 25-март күнү өкүм чыгарган.
"Айыпталуучу Ш.К. Жазык кодексинин 130, 210,161-беренелери менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 180 миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми соттолуучу тарап өкүмгө карата апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Маркум аял 2 небереси менен өткөн жылдын 22-декабрында жерге берилген.