Бишкекте жүргүнчүнү өткөрөйүн деп токтоп турган унааны артынан башка машина сүзүп, эки адам ооруканага жеткирилди

Бишкектин Жибек жолу көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү жана жеңил унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-апрелде саат 19:00 чамасында катталган.

"Жөө адамдар өтүүчү жолдон жүргүнчүнү өткөрүү үчүн токтоп турган Мерседес Бенцти артынан келип Субару унаасы сүзгөн. Ал эми Мерседес жолдо өтүп бара жаткан кызды сүзгөн. Кырсык болгон жерден "Тез жардам" кызматы 22 жаштагы кызды жана Мерседес Бенц унаасынын айдоочусун ооруканага алып кетишкен. Ал эми эки унаа айып короосуна токтотулуп, кырсык кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда иликтөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kubat77
2019-04-23 14:26:06
Бугун эмне эле болуп атасынар токтогон машинени сузуп .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан