Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен эркек киши кулап түштү

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5 же 6-кабатынан эркек киши кулап түштү. Бул тууралуу окуянын күбөсү Гуля Алманбетова жарыялады.

Окуя 23-апрелге караган түнү саат 12:30 чамасында катталган. Анда Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак үйдүн терезесинен эркек киши 2-кабаттагы дүкөндүн чатырына кулап түшкөн. Бактыга жараша, ал аман калган. Окуя катталгандан 4 мүнөттөн кийин "Тез жардам" кызматы, 6 мүнөттөн кийин милиция жана 13 мүнөттөн кийин ӨКМнын кызматкерлери келген.

Аталган окуя боюнча "Тез жардам" кызматына байланышканыбызда маалыматты тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2019-04-23 14:09:16
Ysakov_Nur, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан