Америкалык ырчы Бритни Спирстин дарылануу учурундагы сүрөттөрү күйөрмандарын таң калтырды

Америкалык ырчы, бийчи, актриса, "Грэмми" сыйлыгынын ээси Бритни Спирстин дарылануу учурундагы сүрөттөрү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Буга чейин чет элдик басылмалар ырчы атасы ооругандан кийин психикалык жактан жабыркап, ооруканага жатканын маалымдаган.

Маалым болгондой, Пасха майрамына карата ырчы ооруканадан убактылуу чыгарылган. Жергиликтүү папараццичилер Пасха майрамынан кийин ырчыны Беверли-Хиллздеги мейманканадан сүйүктүүсү Сэм Асгари менен чыгып бара жатканда сүрөткө тартып калышкан. Сүрөттөр социалдык тармакка жарыяланып, коомчулуктун талкуусун жараткан. Сүрөттө 38 жаштагы Бритни Спирстин кебетеси 50-60 жаштагыдай көрүнөт. Ырчынын күйөрмандары анын тез картайып кеткенин, сулуулугун жоготконун айтып, таң калганын жашырган эмес.

Бритни Спирс дагы 2 ай психикалык ооруканада дарылана турганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
eddi.
2019-04-23 17:58:05
Ок,кебетең менен сенин
-4
Respect.
2019-04-23 22:01:56
Неси таң калыштуу?
+2
Eli.91
2019-04-23 22:17:38
Жакын адамынан айрылуу онойбу анан силерге?Ар-бир адам гана башынан откоргондо гана билет кандай экенин.Мен чындыгында душманымада каалабаймын жакын адамынан айрылууну.
+8
tursunbaev78
2019-04-23 22:40:18
Eli.91,ким кимден айрылыптыр,ооруганын жазып атат,сен кайсы айрылууну айтып жатасың?
-1
bond02
2019-04-23 23:36:20
tursunbaev78,сулуулугунан айрылганын айтып жатат окшойт.
-2
Eli.91
2019-04-24 09:56:32
tursunbaev78,
Атасынан айрылгандан кийин психикалык балнисага жатып калган деп окудум элего адашпасам.
+2
raykray
2019-04-25 01:04:58
Eli.91,айрылган эмес атасы ооруйт,4,5 жыл мурда ажырашкан ошодон ичип сайынып психикадан жабыркаган анан атасы
0
Avrora2017
2019-04-24 13:22:49
Eli.91,оба атасы олгондон кийин проблемасы башталган туцра айтасыз
0
Shokoladka94
2019-04-24 08:38:50
Макияжы жок коруп алып танкалып жатышат да
-3
sessa
2019-04-24 09:01:14
бул деле адам бизге окшош эле ..ооруса любой адам жүдөп калат
+4
vikidiki
2019-04-24 09:23:16
Атасы ооруп, эки жолу операция болуптур. Ошого кайгырып, реабилитацияга жатып калыптыр. Негизи озу жаш кезинен бери коп дарыланып журот го психика жактан. Байкуш кандай кыйын чыкты эле убагында.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан