Өмүрбек Текебаевдин соттук иши 3-майга жылды. Митингчилер бул күнү да чогулмакчы болуп тарашты (видео)
Бүгүн 23-апрелде абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иштери кайра каралат. Буга чейин абактагы саясатчыларды колдоо митинги өтүп, 16:00дө алардын соту менен кошо митинг кайрадан уланмак. Абакта жаткан саясатчылардын иши акыйкат иликтенишин талап кылган тынчтык митингине катышуучулар чогула баштады.
"Ата Мекен" партиясынын лидеринин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана жаза-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралат.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.
16:19. Соттук отурум башталды. Соттук коллегиянын курамы: Арзыбек Акыев, Жаңыл Мамбеталы, Болотбек Батыралиев. Отурумда Өмүрбек Текебаевдин гана жактоочулары бар. Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келген жок.
16:20. Мамлекеттик айыптоочу соттук отурумду башка күнгө жылдырууну суранды. Ал 18 томдук иш менен таанышууга убакыт керек экендигин айтты. Текебаевдин жактоочусу Тимур Султанов отурумду башка күнгө жылдыруу туура эмес экенин айтканына карабай, отурум 3-майга жылдырылды.
16:25. Соттук отурумга келген депутат Алмамбет Шыкмаматов митинг уланбайт деп билдирди.
16:30. Бул арада соттун имаратынын эшигинин алдына эл топтолуп калган. Шыкмаматов сот залында болгон маалыматты элге чыгып угузду.
16:31. Тартип сакчылары имараттын алдына топтолгон элден жолду тоспоого чакырып жатат. Жарандык активисттер жана сотко келген саясатчылар отурумдун 3-майга жылып калышы боюнча пикирлерин айтышууда. Алардын баары отурумдун жылып калышына нааразы.
16:35. Ал эми экс-депутат Аида Салянова прокурорлордун убакыт сураганын туура деп эсептейт. "Прокурорлордун материалдар менен таанышып чыгууга убакыт сураганын туура деп эсептейм. Анткени, балким буга чейин алар кээ бир маанилүү нюанстарды өткөрүп жиберишкендир. Ошолор менен жакшылап таанышып чыгууга убакыт керектир. Буга менин көз карашым түз эле", - деди.
16:45. Митингдин катышуучулары чыгып сүйлөөчү трибуна алынып, жыйналып жатат. Ал эми депутат Шыкмаматов бүгүнкү митинг аяктарын жарыялады. Чогулган эл аз-аздан тарап жатышат.
16:50. Депутат Наталья Никитенко: "3-майда, саат 10:00дө биз кайра Жогорку Соттун алдына келип тынч митинг уюштурабыз. Элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн саясатчыларды бошотууну талап кылууну улантабыз", - деди.
16:55. Асия Сасыкбаева: "Ар бир күн абакта отургандар үчүн 1 жылга тең экенин түшүнө беришпейт. Жети дубандан эл келди, алар акчаларын, жумуштарын токтотуп коюп келишти. Ушул жерге 3-майда эки эсе көп болуп келели. Митинг болот деген күндөн баштап УКМКнын кызматкерлери эмнеге барасың митингге деп, Текебаевдин тарапташын чакырыптыр", - деди. Ал чогулган элди тынч тароого чакырды.
17:00. Экс-элчи Кылычбек Султан:"Бүгүнкү адилетсиздик бир гана "Ата Мекен" партиясынын лидерине эмес, Садыр Жапаровго же Чотоновго эмес, же кайсы бир саясатчыга эмес, жалпы ар бир Кыргыз жаранына жасалган адилетсиздик болуп жатат. Эмне үчүн ар бир саясий партиянын өкүлдөрү бул адилетсиздикти көрүп туруп унчукпай турушат? Ушундай учурларда эмне үчүн башка партиялардын өкүлдөрү келип пикирин айтышпайт? Мындай учурларда баары бир муштум болуп биригүүсү керек болчу. Бүгүн кошунаңдын башына келген адилетсиздик эртең сенин башыңа да келет. Ошол эле Сооронбай Жээнбеков деле эртең бийликтен кетсе, бүгүнкү көрүнүш эртең анын да башына келет. Себеби азыркы адилетсиздикти көрүп жаткан инсандар учурунда бийликте туруп келишкен", - деди.
Автор: Гүлжан АсанкожоеваФото: Жылдыз Джускембаева, Нургазы Аматов