23-апрелге караган түнү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан кулап түшкөн кишинин абалы туруктуу. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен маалымдады.
Маалыматка ылайык, секирип кеткен С.К. аттуу жаран 1989-жылы төрөлгөн. Ал кызуу абалында болгондуктан үйдүн терезесинен секирген. Жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алган. Учурда ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун сыныктар бөлүмүндө дарыланууда, абалы туруктуу.
Ошондой эле 21-апрелде дагы Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 21 жаштагы жаран секирип түшүп, каза болгон. Каза болгон жаран Ысык-Көл облусунун тургуну экени аныкталып, тийиштүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады Бишкек ШИИББинен.