Баткен облусунун токой чарбасынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Баткен токой чарбасынын башчысы К.А.ны 32 миң сом пара алып жаткан учурда кармалган.
"Токой чарбасынын башчысы өзүнүн кызматкерлеринен аталган сумманы аудит жүргүзүү ишканасынын өкүлүнө берүү үчүн талап кылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле текшерүү иштеринин жүрүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбасынын финансы-чарбалык иштеринде мыйзам бузуулар болгондугу аныкталды. Белгилей кетсек, 2017-2018-жылдары өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларда жасалма документтер колдонулуп, 14 миң 700 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү мыйзамсыз сатылган. Ошондой эле токой жайыттарын ижарага берүүдө түшкөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган фактылар ачыкталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.
Азыркы учурда кармалган жаран үй камагына чыгарылып, тергөө иштери башталды.