Бишкектин Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафе күйө баштагандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына саат 17:33тө түшүп, жерине өрт өчүрүүчү бир унаа кеткен. Учурда өрт чектөөгө алынган.
Кошумча маалыматтар берилет.