Голливуддун белгилүү актёру Николас Кейжге турмушка чыккан кыз 4 күндөн кийин ажырашып, актёрдон акча талап кылууда. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 4 күн жашагандан кийин ажырашууну актёр өзү сунуштаган.
Николас Кейж менен визажист Эрика Койке үйлөнүп, Лас-Вегастан никесин мыйзамдаштырган. Бирок үлпөт тойдон кийин актёр ажырашууну талап кылган. Николас Кейж ажырашуусунун себебин мас абалында болуп, эмне кылып жатканын билбей, өзүн башкара албай калгандыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле сүйүктүүсүнүн баш кошуу тууралуу сунушуна ойлонбой туруп эле макул болгонун кошумчалаган.
Учурда Эрика Койке Николас Кейж менен никеге турганы үчүн андан акча талап кылууда. Анын айтымында, актёр менен болгон мамилеси анын карьерасына терс таасирин тийгизген. Визажист айрымдардын актёр тууралуу айткандарына макул болбой, алар менен урушуп, кадыр-баркын жоготуп жатканын айткан.
55 жаштагы актёр Эрика Койке менен 2018-жылдын апрель айынан тарта сүйүү мамилесинде болгон. Буга чейин актёр 3 жолу үйлөнгөн.
Николас Кейж "Кан соргучтун өбүүсү", "Өлтүрүүгө убакыт келди", "Периштелер шаары", "60 секундада айдап кетүү", "Улуттун кенчи", "Эгиз мунаралар", "Элестүү автожарышчы" жана башка тасмаларда роль жаратып, "Лас-Вегастан кетип жатып" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.