Нурлан Насиптин Инстаграмдагы баракчасына верификация белгиси берилди

Ырчы Нурлан Насиптин Инстаграм баракчасына верификация белгиси берилди. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда, ал бул тууралуу досторунан укканын айтты.

"Инстаграм социалдык тармагындагы жеке баракчама верификация белгиси берилгенин өзүм билген эмесмин. Мага досторум айтышты. Баракчама кирсем чындап эле верификация болуптур. Чынын айтсам баракчамды верификация кылайын же качан ушул белги берилет деген эмесмин. Келинчегим Аселдин (ред.: Кадырбекова) деле Инстаграмдагы катталуучуларынын саны меникиндей эле. Бирок биринчи мага берилди. Инстаграмдын "тилин" жакшы биле бербейм", - дейт ал.

2018-жылдын август айынын соңунда Инстаграм сервисинин иштеп чыгуучулары колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун күчөтүү максатында колдонуучунун өтүнүчү менен баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышкан.
Аталган белги кыргыз эстрада жылдыздарынын арасынан алгачкылардан болуп миллион катталуучу топтогон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага берилген. Андан кийин ырчы Дайыр Исмадияров 351 миң катталуучусу менен баракчасын верификация кылган. Ал: "Баракчамды верификация кылууну алгач Канат Кадыржан сунуш кылган. Тиешелүү документтерди жибергенден 1 жума өткөн соң баракчам расмий түрдө белгиге ээ болду", - деген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
zhaku2017
2019-04-24 16:05:14
Куттуктайм Насип. Ырларын сонун. Сенин ар бир ырларын биздин жан дуйнобузду сергитип турат. Ыр менен жашаш керек. Ар кайсы саясатчы же молдолордун калп жомокторун мин уккандан коро сенин ырларынды уккан жакшы.
-42
newman
2019-04-25 00:55:23
zhaku2017, ушу сен тууган кайсы жаңылыкты окусам, молдо, дин, мечитти бир сайгылап өтөсүң. Мынчалык сени ким капа кылды тууган? Айтчы. Дин карманган туугандарга пайдаң тийбесе да зыяның тийбесин
+11
Dembele84
2019-04-24 16:06:06
Ясно
0
Sagyn.91
2019-04-24 16:41:00
Инстаграмга эч кызыкпадым. Бут эле сурот жуктомой экен.
+12
nelli
2019-04-24 17:17:09
Ой ушул ырчылар калп эле олумуш болгонду токтоткулачы!! "Уйдо отурсам эле эл артисти наам беришти, кошнам чалып куттуктаганын анан билдим, тията журсомле грамота алып калдым, озум билбедим траля-маля! Ким ишенет ушуга? 1 грам ойлонгулачы! Тоодой калп токугуча, чындыкты эле айтканга уйронгулочу! Верификацияны жонокой эле адамдар, блогерлер, компания-фирмалар же жопжонокой деле адамдар ала алышат. Ал учун анкетасын толтуруу керек же инструкциясы бар.
+20
Mamiev
2019-04-24 19:19:14
Ал эмнеси верификация дегени
+4
Bekboloooot
2019-04-25 00:35:36
Mamiev,ошол галочка берет кок тусто турат ко суротто.
аны берсе что бы ал официалдуу баракча болот.Жылдыздар,белгилуу адамдар ошол галочканы алышат.
+1
admin_portal
2019-04-24 19:51:57
Snare, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
minchynar1000
2019-04-24 20:32:20
батинкени кара. кыздарга окшобой. жакшыраак Бут кийим кийсен. нурлан
+11
akubeku
2019-04-24 20:38:55
Куттуктайм нуке
0
futboler
2019-04-24 20:41:14
Бир орус досумдан сурадым сенде инстаграм барбы деп, ал айтат у меня только сто грамм деп))) (мен деле кызыкпадым ушул инстаграмына)
0
Nurbelek.
2019-04-24 21:06:22
"Досторум айтты, тааныштарым айтты, күйөрмандарым айтты" деп эле өлүмүштөнө беришет, өздөрү эле аңдып отурушса керек соцтармактарын, булардын иши ошолго)).
+6
bond02
2019-04-24 21:27:16
Бут кийимди байпак менен кийет, же байпагынды жууп койдун беле?
+5
Nurbelek.
2019-04-24 23:28:48
bond02, ошого артистта)).
+3
nelli
2019-04-25 00:29:07
bond02, Асел макасинин берип туруптур суротко тушконго))))
0
newman
2019-04-25 00:56:36
Инстаграм мени депрессия кылчуудай сезилет экен. Кирбей койдум. Кудум эле менин жашоом начар, башкалардыкы жомок болуп көрүнүп өзүмө капа болуп баштаганым сезилди.
+8
love_you
2019-04-25 08:22:54
newman,коркпо. Инстаграм алдамчы. Кыздардын беттери жыпжылмакай, бир кара так жок журсо эле, мен да неудобно боло берчумун, бетим жаман деп. Корсо, фотошоп мн эле ондошот экен да. Зачем ошентип, эл учун сулууланып сурот коюп? Тем более эркектердин ыплас ойлорун ойготуп?
+2
Freemankg
2019-04-25 08:59:34
Асельдин туфлисин кийип алганго .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан