Куудул Назира Жетигенова 45 жашка толду. Ал 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. Эжелери ырдап, бийлеп концерт коюшса, ал балдар менен чүкө ойночу. Тентектиги ашып-ташыган кыз азыр жылдыздуу айым, эне жана кыялы орундалган куудул.
КЫЗ. ЭНЕ. ТАЕНЕ.
Назира Жетигенова алты бир туугандын бешинчиси. Улуу эжеси Алина Жетигенова менен кошо гастролдоп жүрүп шоу дүйнөсүнө аралашып калганын айтып жүрөт. Бир туугандары аны кичинекей кезинде абдан тентек болгонун айтышкан. Бала кезинде эркектин кийимин кийгенди жакшы көргөн. Аялдарга караганда эркектер менен бат тил табышат. Канча таяк жесе да атасынын мотоциклин короодон дос балдары менен сүйрөп кетмей адаты болгон. 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. 16 жашында турмушка чыгып, 4 жыл жашаган. Бул тууралуу өзү "Эрте күйөөгө чыкканымды жиндилик деп баалайм. Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Бирок ага көнбөй, билим албай калганыма өкүнөм", - деген. Эки агасы оорудан улам кайтыш болгон. Бишкек шаарында апасы жана кызынын үй-бүлөсү менен чогуу жашайт. Эки кызы, үч небереси бар. Улуу кызы Айперинин үч баласы бар, кичүү кызы Азизаны 2018-жылы турмушка узаткан.
КУУДУЛ
Назира Жетигенова Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. Биринчи жолу 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орунду алган. Ал Рахман Разыков уюштурган "Бири куудул, бири ырчы, эл - тараза, эл - сынчы" аталышындагы сынак, "Айылдык кыз" деген тамаша аркылуу популярдуу болгонун айтат. Кичинекей кезинде маскарапоз болгусу келгенин айткан куудул бүгүнкү күндө максатына жеткенин белгилеп келет.
АЛЫП БАРУУЧУ. АКТРИСА. ЫРЧЫ
Көп кырдуу талант Назира Жетигенова өзүн шоу-бизнестин түрдүү тармагынан көрсөтө алды. "Кылмыш-2" тасмасында тажаал аялдын образын жараткан. Андан кийин телеалпаруучу катары да чыкты. Мындан сырткары ырчы Дайыр Исмадияров менен "Жеңеке" деген дуэт аткарышкан. Клипте кайниси жеңесинин ишине атайын тоскоол болуп, тийишип тамашага салганы, экөө суу чачышып ойногон эпизоддор бар. Тамашалуу, көңүлдү көтөрүүчү клипти сындагандар да болгон. Бул тууралуу куудул айым "Кайниси жеңесин жактырып калуу эзелтен болуп келе жаткан көрүнүш, ошону тамашалуу кылып элге алып чыктык эле, Дайыр экөөбүздү жүргүзүп коюшту. Айта кетейин, Дайыр экөөбүз жүрбөйбүз, жүргүбүз да келбейт" деген.
Назира Жетигенова туулган күнүн жакын санаалаштары менен бирге тосорун айтты. "Маанайым эң сонун. Туулган күнүмдү жакын досторум, курбуларым менен өткөргөнү жатам. Алгачкылардан болуп аяш кызым, анан күйөө балам, окуучу кызым куттукташты. Ал эми биринчи алган белегим апамдан "Айымдын бактысы" деген гүл болду", - деди куудул айым.
24-апрелдин жылнаамасы.