Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 24-апрелде бала сатуу боюнча айыпталып жаткан медицина кызматкерлеринин соттук отуруму башталды.
Судья отурумдун башында мамлекеттик айыптоочу башка соттук процессте болгондуктан анын чыгышын күтүп турууну айтты.
Ал эми айыпталып жаткан кызматкерлердин жактоочусу негизги күбө делинип мурунку отурумда сурак берген аялга психиатриялык экспертиза дайындоо болобу деп судьядан сурады. Ал бүгүн бул өтүнүч соттук отурумда чечилерин айтты.
Сот залына медицина кызматкерлеринин жакындары жана дагы 3 күбө келген.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган.
Бала сатууга шектелип кармалгандар: №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.