Бүгүн, 24-апрелде Биринчи Май райондук сотунда бала сатуу боюнча жүрүп жаткан соттук отурумда негизги күбө катары суралган Муратбековага соттук-психиатриялык экспертиза дайындоону сот канааттандырган жок.
Мурунку отурумдарда көрсөтмө берип жатканда "Айыпталып жаткандардан баланы багып алгам" деген күбө бүгүн да көрсөтмө берди.
"Мага кызым Орусиядан телефон чалып ата-энеси таштап кеткен бала бар экенин айтып, багып ала турганын билдирди. Мен жолдошума айтып сүйлөшүп, макул болдук. Эртеси жолдошум экөөбүз Бишкектеги Асанбай кичи районунан Назира деген кызматкер менен жолугуп, унаанын ичинен ымыркайды алдык. Биз ыраазычылык катары кызматкерге акчаны бердик. Бул акча ыраазычылык үчүн берилген. Кийин кызым конвертте 2 миң 800 доллар болгонун айтты. Биз чындап ымыркайды апасы таштап кеткендигин укканда багып алууну кааладык. Анан бизге бардык документ мыйзам түрүндө экенин айтышты. 2 аптадан кийин кызым Орусиядан келип, кызды өзү карай баштады".
Бул үй-бүлө багып алган ымыркай кыз болгон. Ал Бишкектеги №4 төрөтканада төрөлгөн. Анын апасы кыргыз экен. Ал эми Назира ошол төрөтканада УЗИ кабинетинде иштеген кызматкер болгон", - деди күбө катары суралып жаткан жаран.
Ал эми жактоочулардын бири сиз баланы алып жатканда ымыркайды апасы бага албай турганы жөнүндө жазылган тил кат же башка документти көрдүңүз беле деп сурады. Анда күбө "жок, биз көргөн эмеспиз, тил катты сураган да эмеспиз. Багып алган кыз боюнча бардык документтерди кызым билет. Мен кийлигишкен эмесмин" деди ал.
"Учурда кыз дени сак чоңоюп жатат. Ал жарандыкты Орусиядан алат. Себеби багып алган кызым ошол жактын жараны" деди суракка келген күбө.
Андан соң күбө катары суракка ымыркайды багып алган аял суралды.
"Мен Орто-Сай базарындагы ооруканада УЗИге түшкөнү келип, көрүнүп кеткем. Ал жактан апасы баш тарткан балдар барбы, багып алууга деп сурадым. Ооруканада иштеген кызматкер телефон номеримди калтырып коюуну өтүндү. Убакыт өткөн соң мага кимдир бирөө байланышка чыкты. Ал мени УЗИге тарткан Назира деген кызматкер экен", - деди ал.
Учурда соттук отурум уланууда.