Орусияда иштеп жүргөн мекендешин өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы Кыргыз жараны кармалды

"Ушул жылдын март айынын аягында Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарындагы Верхние Поля көчөсүндө жайгашкан үйдөн 23-мартта чыгып кеткен боюнча дайыны жок болуп жаткан Баткен облусунун тургуну 37 жаштагы Р.Ж. аттуу тууганын табууга көмөктөшүүнү суранып Кыргыз жарандары кайрылган. Мындан сырткары жоголгон адам үйдөн достору менен бирге чыгып кеткени жана ага тиешелүү болгон Форд Галакси унаасы короодо жок экендиги айтылган.
Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмү менен биргиликте Р.Ж.ны издөө иштеринин жыйынтыгында Москва облусундагы Домодедово аймагынан өткөн унаа жолунан алыс эмес жердеги талаадан киши колдуу болгон Р.Ж.нын жансыз денеси табылган. Фактынын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аймактык тергөө башкармалыгы тарабынан "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 27 жаштагы Кыргыз жараны, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган Т.А. кармалды. Белгилүү болгондой, шектүү Т.А. Р.Ж.га тиешелүү болгон Форд Галакси автоунаасын 200 миң рублга сатып жиберген.
Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
karona12
2019-04-24 19:50:52
документи жок кантип саткан?
0
Catti-80
2019-04-24 23:49:28
Рассрочка кылып саткандар коп азыр 200 кийин калганын деп
0
Benazir08
2019-04-25 10:32:28
Ана Орустар берсин сазайынарды. Бизде кр да сот анча иштебейт. Авария болуп же ушундай олтурсо 200000 сотко берсен жон эле чыгасын 3 ай отуруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан