КРнын Футбол федерациясы билдиргендей, 3-7-август күндөрү Бишкек жана Кант шаарларында ФИФАнын колдоосу менен “Достук Кубогу” аттуу эл аралык мелдеш өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь жана Азербайжандын өспүрүмдөр курама командалары катышат. Мелдеште 16 жашка чейинки футболчулар оюн көрсөтөт. Оюндардын арасында маданий оюн-зооктор өткөрүлө тургандыгы маалым болду.
Мелдештердин тартиби:
3-август
18:30 Азербайжан – Беларусь, "Дордой" стадиону
18:30 Кыргызстан – Тажикстан, Кант шаары.
5-август
18:30 Тажикстан – Азербайжан, "Дордой" стадиону,
18:30 Беларусь – Кыргызстан, Кант шаары
7-август
9:00 Тажикстан – Беларусь, "Дордой" стадиону,
10:00 Кыргызстан - Азербайжан, Д.Өмүрзаков атындагы стадион.