Баткен облусунда кудуктун 21 даана темир капкактарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкактарын 15-апрель күнү түн ичинде белгисиз атуулдар тарабынан уурдалып кеткен. Баткен РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе Баткен шаарынын 41 жаштагы тургунунун үйүнөн кудуктун капкактары табылып, аталган жаран кармалган.
Азыркы күндө бул уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.