Америкалык актёр Жонни Депп 20 жаштагы бийчи менен сүйүү мамилесинде экени айтылды

Каракчынын образы менен атактуулукка жеткен америкалык актёр, сценарист жана продюсер Жонни Депп 20 жаштагы кыз менен сүйүү мамилесинде экени айтылууда. Чет элдик басылмалар актёрдун жүрөгүн багындырган бийкеч Полина Глен аттуу орус кызы экенин жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Полина Глен учурда Жонни Депптин Лос-Анжелестеги үйүндө жашайт. Актёр бийчи менен болгон мамилесин сыр тутуп, үйүнө келгендер менен келишим түзөт. Тагыраагы, Жонни Депп сүйүктүүсү менен бир үйдө жашап жатканын жана алардын мамилесин эч кимге жарыя кылбоо үчүн үйүнө баш баккандарга келишимди сунуп, кол койдуруп алары жазылган.

"Алар бири-бирин берилип сүйүшөт. Үйлөнүүнү да пландап жатышат. Жонни Депп Орусияга келип, Полинанын ата-энеси менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатат", - деген бийчинин жакын курбуларынын бири.

Полина Глен Санкт-Петербургда төрөлүп-өскөн. Кичине кезинен бий менен алектенген Полина Глен мындан 2 жыл мурда АКШга карьерасын улантуу үчүн келген. Ал Лос-Анжелестеги кечелердин биринде Жонни Депп менен таанышып, мамиле куруп баштаган. Полина Глен Жонни Депптин кызы Лили-Роуз Мелоди Депптен болгону 1 жаш уулуу.

Жонни Депптин мурунку никесинен 1 кыз, 1 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ruslan-bel-oruk
2019-04-25 09:15:03
Акча нелердигана кылдырбайт
+3
Altyn2017
2019-04-25 17:09:09
Жонни дос өзү канча жашта аныда жазып койсонор?
0
admin_portal
2019-04-25 17:45:04
Altyn2017, 55те.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан