Жалал-Абад облусунда экстремисттик көз карашты колдогон 687 адам каттоодо турат. Буга байланыштуу тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремисттик көз карашты колдогон жалпы 687 адам каттоодо турат. Жыл башынан бери бул багытта 20 факт аныкталган болсо, 18 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жаштардын жана аялдардын арасында диний радикалдашуу күчөп бараткандыгы байкалууда.

"Бүгүнкү күндѳ Кыргыз өлкөсүндө ислам динине жамынган радикалдуу агымдарынын пайда болуусу байкалууда. Бул тенденция белгилүү бир мерчемде чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен өнүгүүдө.

Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бара жаткандыгы, жеке үйлөрдө ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги ачыкталып жатат.

Жогорудагыларды эске алуу менен, аялдар жана кыздардын радикалдык топтордун катарына кошулуп калуусун токтотуу, диний же расалык айырмачылыктарына карабастан жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылуу максатында, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан апрель айынын ичинде тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен Кыргыз жарандарынын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт. Көпчүлүгү Сирияга мурда кеткен туугандарынын же күйөөлөрүнүн чакыруусунан баш тарта алышпай, ошол жакка сапар тартышкан. Айрымдар, акча табууга же жалган диний баалуулуктарга кызыгып, азгырылуулардын курмандыгы болуп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
pat12
2019-04-25 16:55:12
Динге аша чаап берилуунун озу экстримисттик коз карашка алып келет. Азыр мечиттерде молдолор жаштарды светтик маданиятты жамандап, аларды жек корууго уйротуп жатышат. Дин кызматкерлер кыргыз элин экстимиттик куч менен исламдаштыруу максатын коруп жатышкансыйт. Элди искуство, билим аркылуу тарбиялаш керек.
+6
yrmat88
2019-04-25 17:14:25
Эртен сабатсыз молдолор динчилдердин санын пайдаланып коомдун башка светтик маданиятына кийлигише башташат. Оздорунун жалган, акылга сыйбаган, чындыка дал келбеген диний коз караштарын тануулап башташат. Экстримиттер деп ушуларды айтат. Афганисттанды бугунку абалга жеткиргендер - ислам экстримисттери.
0
filis
2019-04-25 17:28:47
Мектептерде искуство, музыка сабактарын кобуроок бериш керек. Жаштарды светтик маданий иштерге кобуроок тартуу керек. Ислам дининде экстримисттик учениялар коп? Аалымдар арабия, пакистандан окуп келишкен. Берген маалыматтары жалган жана тышкы ислам кучтордордун гана кызыкчылыгын жайылтат.
+2
elebes86
2019-04-25 17:42:17
Арабташууга жана исламдашууга жол жок. Озубузду озубуз кооз диний теориялар менен алдабайлык. Молдолордун кооз создорун ээрчибейлик.
0
tursunbaev78
2019-04-26 00:08:08
төрт коментти бир адам жазган ар түрдүү ник менен кирип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан