Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.
22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.
Депутат Ирина Карамушкинанын пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө уран өндүрүү керек, бирок биосфералык аймакта эмес.
“Уран маселеси боюнча геологдор менен сүйлөшүп көрдүм. Алардын айтымында, Кыргыз жергеси 95 пайызга тоолуу өлкө болгондуктан каалайбызбы же каалабайбызбы экономикалык өсүү үчүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү керек. Албетте, кен казуу сөзсүз табиятка зыян алып келет, бирок эң башкысы кен казылып бүткөндөн кийин аймакты калыбына келтирүү зарыл.
Уран – ар бир өлкөнүн стратегиялык запастары. Казакстанда уран чоң көлөмдө өндүрүлөт. Мурда өлкөбүздө уран казылып эле келген. Биз дагы уран өндүрүшүбүз керек, бирок Ысык-Көлдө жана биосфералык аймакта эмес. Эгер биосфералык аймакта кен казууга жол берсек, анда урпактарыбызга радиациясы жогору өлкөнү калтырабыз. Алар бизди кечирбейт”, - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, эколог Эмил Шүкүров, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.