Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли улуу баласына жалпы суммасы 116 миллион долларды түзгөн мурас калтыра турганы айтылды. Актрисанын 6 баласы бар, бирок ал бир туугандардын улуусуна гана мурас калтыруу чечимин кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Анжелина Жоли 17 жаштагы Мэддокс аттуу баласына "Jolie Pas" продюсердик компаниясын өткөрүп берет. Коомчулук актрисанын бул кадамын мурунку жолдошу Брэд Питт менен соттошуп жатканда бир гана Мэддокс апасы тарапта болгондугу менен байланыштырууда. Ал эми 15 жаштагы Пакс, 14 жаштагы Захара, 12 жаштагы Шайло, эгиздер Нокс жана Вивень атасы тарапта болгон.
Буга чейин интернет жана маалымат каражаттарында Анжелина Жоли үй-бүлөнү сактап калуу үчүн соттук иштерди атайын созуп жатат деген маалыматтар тарап келген. Питт менен Жоли ажырашып жаткандыгы тууралуу алгачкы маалымат 2016-жылдын күзүндө белгилүү болгон. Актёрлор 10 жыл чогуу жашагандан кийин расмий түрдө 2014-жылдын август айында үйлөнүшкөн.