Айпери Кубик кызы: "Жолдошум жеке ишкер. Мени дагы өз тармагына тартып жатат"

Ырчы Айпери Кубик кызы экинчи баласын төрөп, үйдө отуруп калбастан соода жаатында иштеп баштады. Тагыраагы, ырчы кийим-кече саткан дүкөн ачты. SUPER.KG порталы Айпери Кубик кызына байланышканда ал буга чейин гүл саткан дүкөн дагы ачканын айтып, буларга токтолду.

"Негизи соода тармагында иштеп көргөн эмесмин. Бул тармакка жолдошум тартып жатат. Тагыраагы, жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет, учурда мага да үйрөтүп жатат. Дүкөн ачууну жолдошума сунуштасам макул болгон. Алгач 8-Март майрамына карата гүл саткан дүкөн ачтык. Апам гүлдөрдү аябай жакшы көргөндүктөн дүкөндү апама берип, ал иштетип жатты. Кийинчерээк кийим саткан дүкөн ачууну пландап, ишке ашырдык. Буюрса, дагы жакшы иштерди баштайын деп жатам", - дейт ырчы.

Айпери Кубик кызы 2014-жылы Нарулан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1 уулдуу болушкан. 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Ырчы 2018-жылдын апрель айында турмушка чыгып, 2019-жылдын 13-мартында уулдуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
-ali
2019-04-26 10:10:56
Жакшы бир ырчы аздайт
+4
Kairat1996
2019-04-26 11:32:56
Абдан жакшынакай сулуу айым. Ушундай сулуу айымдарга ар бир эркек ашык боло берет да. Кыргыз айымдары сулуу бойдон журо бергилечи. Кыздар сулуу болуп турса эркектер барктайт. Ар бир адам табиятынан сулуу жанга жакын болот.
+6
i1urp
2019-04-26 12:06:34
Кубик кызы сонун.
0
Arman7
2019-04-26 13:18:21
Негр куйоон жеке ишкер болсо сени тартып жатса мунун элге эмне кызыгы бар.Туалетте кандай бумага иштетесин кантип арчыйсын мага окшоп тарт деп озуно тартып жатат деп аны да айтып чык
+3
Elaman_Arypov
2019-04-26 13:21:41
Arman7,Куйоосу негр беле?
-3
Nurbelek.
2019-04-26 15:34:42
Arman7, Кыргыз эле жигитке тийген, негр эмес ай)).
+6
Dembele84
2019-04-26 13:27:28
Куйоосунун фотосун да жуктоп койбопсунар ушунча болуп калды эми )))
+4
Catti-80
2019-04-26 15:33:12
Кыргызбы куйоосу?
+2
JENTLEMAN
2019-04-26 16:19:49
Catti-80, Ооба кыргыз. Жаңы үйлөнүшкөндө Египетке эс алганы барышкандагы виосунда жүктөгөнгө суперге, тимеле жырталаңдашып түшүшкөн, күйөөсүн сиз десе анысы "Сен эле дечи" деп тимеле бактылуулар)!
+1
Benazir08
2019-04-26 18:13:17
Кантсен да кыйын окшойсун куйон экон ачкан дүкөнду апана иштетип. Куйонун тууган уругу жок окшойт да жолото коюшмак эмес. Кыскасы жалжандабай тарбия коргондой болуп эле журчу сен деген Кубиктин кызысын. Ары жок ажина болуп эле чыктын
0
admin_portal
2019-04-29 15:11:37
AIA-TOO, Djal1987, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан