Орусиянын Пермь шаарында 26 жаштагы Кыргыз жаранына карата сот өкүм чыгарды. Ал 20 жаштагы кызды зордуктоого шектелип камалган. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары Тергөө башкармалыгына таяп жазды.
Тергөөнүн версиясына таянсак, 2018-жылдын ноябрь айында белгисиз адам бардан чыккан кызды Пермь шаарындагы райондордун бирине жеткирүү үчүн такси кызматын көрсөткөн. Ал кызды айткан дарегине жеткирбей, ээн жерде жайгашкан гараждар кооперативине алып барып, күч колдонуп зордуктаган.
Сот айыпталуучуну жазасын 3 жыл абакта өтөөгө кести.