Санкт-Петербургда кулаган экскаватордун алдында калган жаран каза болду. Бул тууралуу жаңылыктардын федералдык агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя 25-апрелде мейманкананын имаратын бузуу учурунда болгон. Экскаватор оодарылып, каптал жагында турган адамды басып калган. 1982-жылы Кыргыз жеринде туулган жаран алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Экскаватордун айдоочусу жаракат алган эмес.