Түштүк кореялык актёр И Мин Хо аскердик кызматын өтөп бүттү
Түштүк Кореядагы популярдуу актёрлордун бири И Мин Хо 25-апрелде аскердик кызматын өтөп бүттү. Ал аскерге 2017-жылы 12-майда барган эле.
И Мин Хо кечээ аскердик кызмат өтөөсүнүн акыркы күнүндө Социалдык камсыздоо борборунда болду. Аны жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты.
Бул боюнча MYM Entertainment агенттиги "Буга чейин айтылгандай эле И Мин Хонун аскерден келишине карата өзгөчө иш-чаралар уюштурулбайт" деп билдирүү тараткан. Ал эми актёрлук ишине кайтуусу боюнча И Мин Хо бир канча жаңы долбоорлор менен таанышып жатканын белгилешкен.
Актёр "Мыкты жигиттер", "Жеке тандоолор", "Шаардык мергенчи", "Ишеним", "Мураскорлор", "Көк деңиздин уламышы" өңдүү бир катар сериалдарда роль жараткан.