Токмокто жаранды бычак менен сайган жергиликтүү кеңештин депутаты милицияга өзү келди

Токмокто жаранды бычак менен сайган жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансейитов 25-апрелде ички иштер органдарына өзү келди. Ал Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.

2018-жылы август айында SUPER.KG порталына жабырлануучу Талантбек Жамангулов кайрылып "Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов мени бычак менен сайды" деп билдирген эле. "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Тынайбек Жансейитовго издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-04-26 20:08:48
Депутаттарыбызга мне болгон баарына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан