"УКМКнын кызматкерлери күзөтчүгө бычак сайды" делген окуя боюнча Бишкек ШИИББи маалымат таратты

"Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери борбордогу эс алуучу жайлардын биринин күзөт кызматкерин сабап, бычак сайды" делген окуя тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26сына караган түнү саат 00:05 чамасында Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу келип түшкөн. Анда Б.Э. аттуу жаран белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалганын, окуя борбордогу "Бахчай" кафесинде болгону кабарланган.

"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, шектүү жарандарды кармаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене "бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүп жатканда жабырлануучу болгон Б.Э. тарабынан тосмо арыз келип түштү", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2019-04-26 20:57:06
Албетте тосмо арыз жаздырат да.Жабырлануучунун ден соолугунан тигилердин кызмат орду кымбат турат.
+7
taalay25
2019-04-26 21:05:45
Ушуга окшогон кантип улуттун коопсуздугун камсыз кыла алат хулигандык кылып менттерге пленге тушуп журоттор
+4
voennyi88
2019-04-26 21:38:05
Бишкек ШИИБнин башкармалыгы маалымат берди деп жатат. Тосмо арыз жазганда же жазбаганда эмес,мааниси УКМКнын кызматкерлеринде болуп жатпайбы.
+4
bond02
2019-04-26 22:16:58
Бишкек ШИИБи эки жакты карап корду бир жагы УКМК экинчиси кузот кызматкери, УКМКга кучу жетпеди да.
+3
Zidan2
2019-04-26 22:28:09
Ббаарибир сотко чейинки,тергоо амалдары болушу керек. Сот чечет баарибир. Бейбаштак эмес эле преступления против здоровья болуп жатпайбы
+4
Nursbaike
2019-04-27 06:21:30
Андай болбойт тосмо арыз жазса дагы кызматынан алгыла. Же Эмне бироону олтургучо сактайлы деп атасынарбы
+4
Gulnyr19
2019-04-27 16:17:42
Бизде жалаң эле хулиган мафиялар иштейби органдарда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан