Бишкекте шаар күнүнө карата өтүүчү концертке ырчы Согдиана жана "Ялла" тобу келишет

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата борбор калаада бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Шаар тургундарын чет элдик ырчылар Согдиана, "Ялла" тобу куттукташат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамдык концерт "Ала-Тоо" аянтында 29-апрелде кечки саат 19:00дө башталат. Ага орусиялык ырчы Согдиана, өзбекстандык "Ялла" тобу, Кыргыз эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, "Инсан" жана "Элес" топтору, үйлөмө аспаптар оркестри катышат. Майрамдык концерттен кийин фейерверк атылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Anaraalieva
2019-04-27 10:32:54
Саламатсыздарбы!? концерт качан болот датасын айтып койунуздарчы?
0
Agayu
2019-04-27 10:50:23
Сахнаны эми жакшына жасап жакшы тарткыла тарыхта калчуу нерсе , Буй буйдун ырын тарткандай тартып койгондой тартпагыла КТРКА жана башкалар !!
-1
vikidiki
2019-04-27 12:18:10
Гонорары канча болду экен? Кайран акчалар!
+3
Kyrgyz_bloger
2019-04-27 13:21:39
Миллион деген акча толоп чакырып жатышатда,озубуздун деле ырчылар жетишмек да
+3
artur999
2019-04-27 14:48:40
Биздин ырчыларды эч жака чакырбайт го, миллион гонорар мене ушундай чон официальный иш чараларга болок мамлекеттен (казастан, озбекстан, россия ж.б) чакырышпайт. А биз алардын ырчыларын миллион толоп чакырабыз.
+1
ainura220888
2019-04-27 20:11:09
Биздикилер журотго козу карындай жайнап аш тойдон бошобой. Ошолор ырдасында. Милиондорду бироого бербей. Же не акча копбу.
0
Nurbelek.
2019-04-27 21:04:05
Акчаларды кайдагы шайтандарга коротуп ысыраф кылат экенсиңерда жегичтер. Бизде ушу өлгөн кимисинин деле, шаар район облусунун деле кайдагы пайдасыз күндөрүн белгилеп акчаны чачып бүтмөй болдуңарго(((.
+1
tursunbaev78
2019-04-27 21:12:27
Көзгө көрүнөр концерт койо турган жери жок,кайсы арына чакырып атат,эртең булар дагы айтып чыгат,бир жолу Усманова Бишкекти кыштак деп чыккан,ар намыс ариет деле жок биздин чиновниктерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан