Түштүк кореялык актёр, ырчы жана композитор Пак Ю Чон камакка алынды. 32 жаштагы актёр баңгизатын колдонгон деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Пак Ю Чон 2019-жылдын февраль-март айларында мурунку сүйүктүүсү менен бирге 1,5 грамм филопон каражатын алган жана 5 ирет баңгизатын сайган деп шектелип жатат. Маалымат жыйынында Пак Ю Чон маңзат колдонбогонун, сүйлөшкөн кызы суранганы үчүн акча каражатын ага которуп турганын билдирген.
Окуя коомчулукка чыккандан кийин C-JeS Entertainment агенттиги аны менен болгон келишимди жокко чыгарды. Пак Ю Чон өзү да жаңжал чыккан соң шоу чөйрөдөн биротоло кетерин жарыялады.
2001-жылы Ю Чон музыкалык сынакты жеңип алып, SM Entertainment агенттигине чакырылган. 2003-2009-жылдары DBSK тобуна, андан кийин JYJ тобунда ырдап жүргөн. 2010-жылы сериалдарга тартылып баштаган. Анын катышуусундагы "Соңгюнгван жаңжалы" тарыхый сериалы, "Сени сагынам" мелодрамалык дорамасы ага атактуулукту алып келген. 2016-жылы "Жыттарды көргөн кыз" сериалында карындашын өлтүргөн адамды издеген полиция кызматкеринин ролун аткарган.