Санкт-Петербургда Кыргыз жараны экскаватор алдында калып каза болгон. Анын денеси бир күндөн кийин чыгарылды. Окуяга байланыштуу "Курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелеринин сакталбашы" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Кырсык 25-апрелде мейманкананын имаратын бузуу учурунда болгон. Экскаватор оодарылып, каптал жагында турган адамды басып калган.
Каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1982-жылы 9-апрелде туулган Н.О. экендиги такталган. Анын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде алынып чыгарылган.