Туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Асел Касымова кандай көйнөктөргө басым жасайт?

Бүгүн ырчы Асел Касымова туулган күнүн белгилеп жатат. Ал туулган күнүндөгү маанайы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Саат түнкү 12ден тартып эле куттуктоолор башталды. Ата-энем, досторум, күйөрмандарым куттуктап жатышат. Чыгармачыл адамдарда ушундай болот экен, бүгүн да жумуштарым менен жүрөм. Буюрса алдыда жакындарым менен белгилейм деп пландап жатам", - деди ал.

Сүйүү ырларына басым жасаган ырчы көп жылдан бери назик образда жүргөнү белгилүү. Макияж, чач жасалгасын өзү жасай турганын билдирген ырчы перфекционист (идеалдуулукка умтулган киши) экенин айтканы бар. Ал эми кече көйнөктөрүн тандоодо узундугуна басым жасайт. Ырчынын көркүнө көрк кошкон көйнөктөрүн төмөнкү сүрөттөр топтомунан көрсөңүздөр болот.

Асел Касымова 1985-жылы 27-апрелде Ош шаарында туулган. 2003-2007-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон.

27-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
interpol
2019-04-27 17:40:18
Сүйөм го ушул кызды
Бир сырдуу кызда өзүнчө
+1
elebes86
2019-04-27 18:09:44
Кыздардын сулуулугун артыра турган дагы бир нерсе бар - ал анын кийген кийими жана чачынын жасалышы.
+4
warcaw
2019-04-27 19:59:46
Күйөөгө тий күйөөгө жүрө бербей...
+2
gulzat85
2019-04-27 22:50:51
Ушу ырчынын бир да ырын укпаптырмын
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-27 23:10:14
Фигурасы да сонун экен
+1
Aza17
2019-04-27 23:55:35
Ырчы эмей эле хексиго бирда ырын укпаптырмын
0
Skarlett-Skarlett
2019-04-28 11:06:31
Татына кыз,бактылуу болуп кет!
0
admin_portal
2019-04-29 15:23:12
Sakubek, raykray, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан