Бишкекте көк бөрү боюнча мэрдин кубогунун финалында биринчи орун үчүн "Келечек" менен "Четинди", үчүнчү орун үчүн "Төш-Булак" жана "Ак-Жол" командалары күч сынашат

"Ак-Кула" ат майданында 28-апрелде спорттук оюндар боюнча мелдештер өтүп жатат. Бүгүн Бишкек мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда ат жарыш, кунан чабыш, жорго салыш боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.
Белгилүү болгондой көк бөрү боюнча мэрдин кубогуна 8 команда катышты. Финалда биринчи орун үчүн "Келечек" менен "Четинди", үчүнчү орун үчүн "Төш-Булак" жана "Ак-Жол" командалары күч сынашат. Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat94
2019-04-29 00:35:09
Супер силерге бир суроо жооп берип койгулачы сураныч! Жанылыкты каяктан таап жазасынар? Инстаграмда Келечекти чемпион болду деп журот силер болсо башка команданы финалга чыкты деп жазып атасынар, очурбой жооп берип койгулачы
0
Айпери Ганыжан кызы
2019-04-29 10:14:19
urmat94, Саламатсызбы! Мэрдин кубогуна байланыштуу кабарлар мэриядан алынат.

Бишкекте шаар күнүнө карата өткөн ат оюндары боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү, анын ичинде көк бөрү оюнунда жеңүүчү аталган команда тууралуу төмөнкү шилтеме менен өтүп окусаңыз болот.
https://www.super.kg/kabar/news/270353/

+1
urmat94
2019-04-29 11:17:17
Айпери Ганыжан кызы,Чоон Рахмат!Мен билип анан жазып жатам силердин катанарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан