Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн азыктар Кытайдагы "Экспо-2019" көргөзмөсүнө коюлат

Кыргыздын айыл-чарба продукциялары Кытайдагы “Экспо-2019” көргөзмөсүнө коюлат. “Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 миллион адам келери күтүлүүдө.

Эл аралык көргөзмө борбору Пекинге жакын шаарчада Яньчин районунда жайгашкан. Белгилүү болгондой Кыргыз павильону 1 миң 50 чарчы метр аянтты ээлейт, металл конструкциясында курулган жабык жайда жайгашкан.

Улуттук павильонду жасалгалоодо кыргыз элинин маданий жана каада-салт мурастары, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган архитектуралык-дизайнердик чечим колдонулган. Үстү жагы кыргыз боз үйүнүн формасында эки имараттан турат. Анда Кыргыз өлкөсү тууралуу видео-ролик көрсөткөн мультимедиялык панель, экономикалык, инвестициялык, туристтик дараметинин бет ачары, ошондой эле экспортко багытталган ата-мекендик продукциялардын жарнамасы көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан