Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги Комсомол көлүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары сууга чөгүүдөн куткаруунун ыкмалары боюнча машыгуу өткөрүштү. Машыгуу өтүп жаткан учурда эс алуучулардын бири, 60 жаштагы Ильязов Анарбек аттуу жаран көлгө чөгүп кетип, куткарылды. Ал суунун берки өйүзүнөн аркы өйүзүн көздөй сүзүп бара жаткан жеринен чөгүп кеткен. Аны бейтааныш 18 жана 20 жаштагы 2 жигит куткарып калды. Андан соң ӨКМ кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" чакыртышкан. Териштирүүдө жабырлануучунун мас экендиги белгилүү болду.