Бишкекте дүкөнгө түндө бет капчан кирип, кассирди тапанча менен коркутуп акчасын алып кеткендер изделүүдө

Борбор калаада бет капчан дүкөнгө кирип, тапанча менен кассирди жана күзөтчүнү коркутуп кассадан 35 миң сом алып кеткен адамдар изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 28-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында 12-кичи районундагы дүкөндө орун алган. Дүкөндү карактоо учуру видеого түшүп калган. Анда бет кап кийген эки адам тапанча менен дүкөнгө кирип, кассир менен күзөтчүнү коркутуп кассадагы 35 миң сомду алып кетишкен.

"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши ачылды. Кылмыштын бетин ачуу максатында Криминалдык милиция, Бишкек ШИИББинин, Октябрь РИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен тергөө тобу түзүлүп, учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Бет капчан, тапанча көтөргөн адамдар Бишкектеги дүкөндү карактап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2019-04-29 12:49:41
шумдугун кур кино го озунчо эле
0
kechirmeni
2019-04-29 12:50:20
алыс узабайсынар го дейм, уурунун арты кууш дейт, тем более бардык жерде камера
+2
bessmertiy
2019-04-29 13:47:32
Арам тамак акмактар. Бирөөнүн акысын тартып алып кантип оокат кылышат? Бала-чакасына арам акча тамак алпарып берип балдарыңарды да арам кыласыңар. Эңгезердей болуп күчкө толуп турган убагыңарда мээнет кылбайсыңарбы?
+2
raykray
2019-04-29 14:20:38
Кыскасы баш аламандык, чондор оздору мн оздору уранды ачуу мн алек. Келечектен коркосун мынданда жаман кылмыштуулук орт алабы билбейм(
+2
Chungyz
2019-04-29 21:57:02
Тез эле табылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан