"Голос. Дети" сынагындагы жаңжалга байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыгын атайын кызматтар текшерүүгө алышары айтылды

Орусияда "Голос. Дети" сынагын ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамова жеңип алганы кызуу талкууда. Сынактын жыйынтыгы катуу сынга алынып, интернет колдонуучулары долбоордо биринчи орун сатылганын айтып чыгышкан. Буга байланыштуу "Биринчи канал" иликтөө жүргүзөрү маалым болгон.

Орусиялык басылмалар добуш берүүнүн жыйынтыгын атайын кызматтар текшерүүгө алышарын жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, адистер телефон чалуулар жана смс аркылуу берилген добуштарды, добуш системинин коопсуздугун анализдеп чыгышат.

Биринчи канал иликтөө жүргүзүү үчүн Интерпол жана Европолдун өнөктөшү Group-IB компаниясына кайрылган.

Аталган компанияга киберкылмыштуулук анын ичинде компьютердик, каржы, кылмыштар боюнча чет элдик ички иштер органдары кайрылышары маалым болду. Group-IB компаниясынын эксперттери ИИМ, Орусия Федерациясынын тергөө комитети, Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте резонанстуу иштерде чогуу иштешкен.

Каналдын басма сөз кызматы эксперттер техникалык-криминалисттик экспертиза жүргүзүп, добуштарды атайылап көбөйтүү жолу колдонулганы же колдонулбаганын аныкташарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainura220888
2019-04-29 21:08:36
Конечно атайлап кобойтургонда апасы Алсу атасы миллионер Абрам болуп атса.
0
karona12
2019-04-30 16:13:36
Бизде Самара Каримова болсо,буларда Алсу бар эл артис эмгек синирген артистин баарын алып койгон шыбырап ырдап журуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан