Чүй облусунун Сокулук районунда дүкөнгө уурулукка кирген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя Новопавловка айылында болгон.
"19-апрель күнү Сокулук районундагы аймактык милиция кызматкери тарабынан азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине уурулукка кирген өспүрүм кармалган. Кармалган өспүрүм дүкөндүн терезесине кыпчылып, чыга албай калган. Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталды. Алар 16 жаштагы А.Т. жана 15 жаштагы А.Т. экендиги белгилүү болду. Учурда милиция тарабынан кармалгандардын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги териштирилип жатат", - деп айтылат маалыматта.