Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды

Биометрикалык паспортторго бланк даярдоодо өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, 26-апрелде үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Ал эми 17-апрелде Биринчи Май райондук соту шектелген 3 кызматкерди 2 айга камакка алган.

Мамлекеттик каттоо кызматынан 26-апрелде Русланбек Сарыбевдин апасы каза болгонун билдиришти. Ал акыркы жылдары онкологиялык оорулар менен ооруп жүргөн.

Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mars575
2019-04-30 15:49:56
Туура, эн туура чечим, кооомго коркунуч келтирбейт!
-2
elchi84
2019-04-30 17:06:22
Тугу кучтуулордон окшойт .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан