"Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы 1 миң 500 доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам Арча-Бешик конушундагы айрым жер тилкелеринин ээлеринин курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат кагазы жоктугун аныктап, 10 миң доллар акча талап кылган.
"29-апрель күнү ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен "Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысы 46 жаштагы К.М. кармалды.
Ал тиешелүү документтердин жоктугун аныктап, Арча-Бешик конушундагы жер тилкелеринин ээлеринен 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, анын 2 миң долларын 2018-жылдын аягында алгандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда", - деп айтылат маалыматта.